Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Махачкаладагы жардыруудан 23 адам жабыркады


Дагестандын баш калаасы Махачкала

Дагестандын баш калаасы Махачкала

Орусиянын түндүгүндөгү Дагестан жумуриятынын борбору Махачкаладагы ресторандардын биринде болгон жардыруудан жабыркагандардын саны 23кө жетти. Алардын айрымдарынын абалы оор экени айтылууда.

Дагестандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 1-августта болгон жардырууга ресторандагы газдын чыгышы себеп болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 23 адам ооруканага түшкөнүн, алардын бешөөнүн абалы оор экенин билдирди. Айрым бейтаптардын териси 100 пайыз күйүп калган.

Азыр окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG