Линктер

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бүгүн Кыргызстан менен Германиянын кийизден жасалган буюмдарынын көргөзмөсү башталат.

Аталган музейден кабарлашкандай, иш-чара 2014-жылы өткөн «КИЙИЗ+FILZ» долбоорунун уландысы. Анын алкагында Германия жана Австриядан келген уздар кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашат.

“Кийиздеги жалпылык жана айырмачылык” деп аталган саамалык 11-августта аяктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG