Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

"Мекендештер": тапканыбызды өлкөгө берели


"Мекендештер" форуму
"Мекендештер" форуму

Ош шаарында "Мекендештер" форуму башталды. Үчүнчү жолу өтүп жаткан иш-чара эки күнгө уланат. Жыйында мигранттар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экендигин, бирок түйшүктөр көп экендигин ортого салышты. Ошондой эле алар кыргызстандыктарды “жатып ичерликтен” арылып, мигранттар салган акчаны пайдалуу коротууга чакырышты.

Чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер" форумунун бул жолку отуруму "Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү" деген ураан алдында өтүүдө.

Жыйындын башында эле өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мигранттарды Кыргызстанга инвестиция салууга үндөп, кайсы багыттарга акча жумшаса болоорун да айтып беришти. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду да өз иши тууралуу баяндама жасап, насыя алып бизнес кылуунун жол-жоболорун түшүндүрүп берди.

Форумдун өзү да так ошол максатты көздөй турганын вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жашырган жок:

Оштогу "Мекендештер" форуму
Оштогу "Мекендештер" форуму

- “Мекендештер – 2016” форуму Кыргызстандын кол тие элек уникалдуу табиятына, аймактардын экономикасына ишкерлик демилгелерди жандандыруу максатында чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлорду тартуу, ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларга дем берүүгө көпүрө болуп берет.

Деген менен Оштогу форумга келген мигранттар Кыргызстанга бизнес ачуу процесси алиге дейре жөнгө салынбай жатканын ортого салышты. Ошол себептүү алар бул жакта иш жасаганы келишкен учурда кадимки бюрократиялык ыкмалардын да курмандыгы болуп жатышкан экен.

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Урматбек Курбанбаев мигранттар Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин, бирок аларга шарттарды жеңилдетүү керектигин айтууда:

- Чет мамлекеттен келген инвесторлор менен чет жакта жашап калган кыргызстандык инвесторлордун укугу бирдей каралып жатат. Экөөнө тең бирдей талап коюлуп, кыйынчылык туулуп жатат. Мисалы, мен өзүм эле көмүр кен чыгарган ишкана ачайын деп, документ иштерине эле бир-эки ай убакыт кетирдим. Аябай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болду. Баягы эле “крыша” тап”, “акчасын бер”, “мунусун бер, тигисин бер” деп эле оозубузду карап отурмай. Ушундай тоскоолдуктардан улам чет жакта бутуна туруп келген мигранттарыбыз Кыргызстанда көп жакшы иштерди, бизнестерди баштай албай жатышат. Биз башка жарандыкты алып алганыбыз менен, өзүбүз кыргызбыз да. Чет элдик бизнесмендер Кыргызстанга ишкана ачууда пайданы гана көздөп келсе, биз бул жерде мындан ары да жашайбыз, кайра кайтып келебиз, балдарыбыз, туугандарыбыз да ушул жерде. Анан кантип биздин терс максаттарыбыз да болушу мүмкүн? Ошол себептүү бийликтер ушуну жакшы түшүнүш керек, мигранттарга ишкана ачуусуна жеңилдиктерди түзүп беришсе.

"Мекендештер форуму", Ош шаары, Ош МУ
"Мекендештер форуму", Ош шаары, Ош МУ

“Мекендештер” форумуна чогулгандар Кыргызстанга каржылык эле эмес, интеллектуалдык инвестиция салуу жөнүндө да кеп козгошту. Германиядан келген Махабат Садырбек кызы буларга токтолду:

- Германияда Кыргызстандын абдан иргелген, билимдүү, амбициясы күчтүү жаштары бар. Анча-мынча демилгелерден байкап жүрөбүз, кайрымдуулук фонддору аркылуу, башка жолдор менен Кыргызстанга салым кошуп жүрүшөт. Маселен бир дарыгер жигит Кыргызстанга эс алганы келгенде эле немис кесиптештерин ээрчитип келип, бул жакта туугандарынын, айыл-апасынын ден соолуктарын акысыз каратып кеткен. Бирок ушундай аракеттер азырынча бир жолго салына элек. Ошол жактагы мекендештер чогулуп калганда мындай пикир басымдуулук кылып жатат - “материалдык жардам бергенди токтотолу, көп каражаттарды эми билим жакка жумшайлы” деген. Мекендештер “Кыргызстанда билимдүү жаштар көбөйдү, дагы көбөйтөлү, өзүңөр коомго мультипликатор болгула” деп жатышат.

Экс-президент Роза Отунбаева
Экс-президент Роза Отунбаева

Ош шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумунун үчүнчү айлампасына чет жакта иштеген 500дөй киши келген. “Мекендештер” форумунун демилгечиси, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчилери, жергиликтүү бийликтин, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү да форумга катышууда. Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан жыйын эки күнгө созулмакчы.

Кытайда иштеп жаткан ишкер Тыныбек Жукешов Кыргызстандын бийлигин да, жашоочуларын да “жатып ичерликтен” арылып, мигранттар салган акчаны пайдалуу иштетүүгө чакырды.

- "Жатып ичер" психологиядан арылышыбыз керек. Аны биринчи кезекте ата-энелерден башташыбыз зарыл. Ата-энелер үчүн бала акча жасачу гана адам болуп калды. Мектепти бүтөөрү менен “Москвага бар, акча таап кел” деп жөнөтөт. Баласы күндөп-түндөп уктабай, араң акча таап салат, ата-эне ага машине сатып алат, тойго барат, дагы башка ушундай нерселерге сапырат. Бирок ушул эле акчаны башкача деңгээлде колдонууга өтүшүбүз керек. Же ошол бала тапкан акчасына билим алып, кийин жакшы жумуштарда иштеп, анан кайра кирешесин айландырып келеби, же тапкан акчасын Кыргызстанда бизнеске салып, туруктуу киреше булагына айландырып алабы, мына ушуларды ойлонушубуз зарыл. Муну эл да, мамлекет да ойлонуш керек. Анткени мигранттар тиги жакта акчаны күрөп таап жаткан жок да, көрбөгөн күндү көрүп жатат, өмүрүнүн жарымы талаада өтүп кетип жатат.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду салтка айланткан “Мекендештер” форумуна ар кайсы мамлекеттерде жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулат. Былтыр “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан менен Бишкекте өткөн. Ага 25 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышкан.

Ошто "Мекендештер" форуму өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG