Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңеши жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча 3-4-август күндөрү Ысык-Көлдө XX жыйынга чогулушат. Ага байкоочу катары Кытай менен Монголиядан адистер катышат.

Жыйында жаратылыш ресурстарын сактоонун бирдиктүү жолдору, бул жаатта өкмөттөр аралык кызматташунун заманбап ыкмалары талкууланмакчы.

Өнөр-жай, энергетика жана жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, талкууга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Олег Панкратов баштаган өкмөт өкүлдөрү менен адистер катышат. Мындай жыйын жыл сайын КМШга мүчө өлкөлөрдө уюштурулат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG