Линктер

"Батькивщина" парламенттик фракциясынын депутаты Надежда Савченко Киевде берген маалымат жыйыны учурунда украин бийлиги Донбасстагы туткундарды бошотуу үчүн эч кандай аракет көрбөй жаткандыгын айтып, 3-августтан тарта ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

"Мен Орусияда туткунда жүргөндө да украин бийлигине өзүмдүн нааразылыгымды ачкачылык жарыялоо аркылуу билдирген элем. Бүгүн да дал ушул ыкманы колдонуп, алардын туткундарды бошотпой жатканына нааразылыгымды билдирем. Ачкачылыкты оң натыйжа чыкмайынча кармайм" - деди Надежда Савченко.

XS
SM
MD
LG