Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Кыргыз балы Катарда сатыла баштады


Кыргыз балы Катарда.
Кыргыз балы Катарда.

Кыргызстан менен Катардын ортосундагы соода-экономикалык байланышты кеңейтүү боюнча бир катар аракеттер болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Катардагы толук ыйгарымдуу элчиси Нуран Ниязалиев билдирди.

Жакында эле Катардын Аль-Мира супермаркетинде Кыргызстанда тартылган бал сатыла баштады. Буга чейин элчи Ниязалиев аталган дүкөндүн жетекчисинин орун басары Мохаммед Бин Нассер Аль Кахтани менен жолугушуп, башка кыргыз продукцияларын дагы сатыкка чыгаруу маселелерин талкуулаган. Тилекке каршы, эки мамлекеттин ортосунда түз транспорттук байланыш болбогондуктан, продукцияны жеткирүү жагында бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Мисалы, кыргыз балы аба транспорту аркылуу жеткирилгендиктен баасы кымбатыраак болуп жатат, дейт элчи. (BCh)

XS
SM
MD
LG