Линктер

Орусия Казакстанга С-300 зениттик ракеталарын өктөрүп берүүдө


С-300 зениттик-ракеталык комплекстерди чогултуу. Екатеринбург. 23-ноябрь 2015

С-300 зениттик-ракеталык комплекстерди чогултуу. Екатеринбург. 23-ноябрь 2015

Орусия Казакстанга С-300 зениттик-ракеталык комплекстин акыркы 170 зениттик ракеталарын өктөрүп берүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады. Мурдараак белгилүү болгондой, Орусия Казакстанга беш даана С-300 зениттик-ракеталык комплексти өткөрүп берген.

Бүгүн Астанада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмаганбетов жолугушту.

Казакстандын коргоо министринин маалымат кызматы билдиргендей, алар ЖККУ уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосунда аскердик жүктөрдү алып өтүү процедураларын жеңилдетүү келишимине кол коюшту.

XS
SM
MD
LG