Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Арменияда массалык тартипсиздик уюштурууга шектелгендер кармалды


Андреас Гукасян (солдо) "Армения, бутуңа тур" жарандык кыймылынын лидери
Андреас Гукасян (солдо) "Армения, бутуңа тур" жарандык кыймылынын лидери

Арменияда массалык тартипсиздик уюштурууга шектелген үч оппозиция мүчөсү кармалды. Бүгүн Еревандын соту аларды тергөө бүткөнчө эки айга камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Шектелгендер "Мурас" оппозициялык партиянын мүчөлөрү Давид Сансарян менен Овсепа Хуршудян. Үчүнчүсүболсо, "Армения, бутуңа тур" жарандык кыймылынын лидери Андреас Гукасян.

"Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык кыймылга тиешеси бар куралдуу топ 17-июлда полиция имаратына чабуул жасап, бир нече полиция кызматкерин туткундап, оппозиция лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан. Эки жумага созулган тирешүү демонстрациялар менен коштолуп, натыйжада куралдуу топ өз эрки менен полицияга багынып берген.

XS
SM
MD
LG