Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Конституциялык реформанын көздөгөнү эмне?


Бийлик кезектеги конституциялык референдумду белгилей турганын жарыялады. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртүүгө эмне себеп болду?

Конституциялык реформага арналган "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов, саясатчы Кубатбек Байболов жана “Коомдук талдоо институту” бейөкмөт уюмдун лидери Рита Карасартова катышты.

“Азаттык”: Дастан мырза, Конституцияны өзгөртүүгө эмне себеп болду?

Дастан Бекешов: 2010-жылы Конституцияны бекиткенде бир топ катачылыктарга жол берилген. Ошол эле котормосу боюнча маселе бар. Кыргызча тексти негизги деп эсептелет. Бирок орусчасы так жазылып, кыргызча текстинде көп каталар бар. Ошону оңдош керек болду. Экинчи себеп, биз алты жылдын ичиндеги тажрыйбаны карап, өкмөттүн, парламенттин кандай иштегенин көрүп, бир топ сунуштарды берип жатабыз.

“Азаттык”: Кубатбек мырза, реформа жасалса, Конституциядан баштап, баары системдүү жасалыш керек деген пикирди айтып келесиз. Ошондой чоң реформа эмеспи бул? Мына жакында эле тартип коргоо органдары реформаланары айтылды, эми Конституция дегендей...

Кубатбек Байболов: Мына ушул долбоорду демилгелеп жаткан беш адамдын бирөө катышып, түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Угармандарга өтө маанилүү болуп атпайбы. Дастан мырза катачылык көп деп жатат. Бул Алиппе же реферат да эмес. Эгерде ката болсо, кыргызчасы менен орусчасы шайкеш келбесе, алты жыл иштеттик да! Ал мезгилде кабыл алынган чечимдердин баары катабы?

Мен башынан олуттуу жана фундаменталдуу түрдө конституциялык реформа болуш керек деген көз карашты карманып келатам. Бирок бул долбоор олуттуу өзгөртүүлөрдү камтыбайт.

“Азаттык”: Рита айым, Конституциянын биринчи беренесинде жогорку баалуулуктар кеңири берилиптир. Адам, анын жашоосу эң жогорку баалуулук деп аталган. Мүмкүн бул берене республикада адам укуктарынын сакталышына жол ачар?

Рита Карасартова: Муну аябай чоң мүчүлүштүк деп эсептейм. Анткени биринчи берене бул эң маанилүү. Адамдын укугу эң башкы баалуулук деп келгенбиз. Андан кийин светтик, укуктук, унитардык мамлекетпиз деп келгенбиз.

Эми азыр ошолордун ичине аябай көп баалуулуктарды киргизип коюптур. Анын ичинде мамлекеттин кол тийбестиги, мамлекеттин кызыкчылыгы деп жазышыптыр. Адам укугу менен мамлекеттин кызыкчылыгы карама-каршы келип калышы мүмкүн. Эмнеге экөөнү бир катарга койгон? Эгер мен мамлекетти сүйбөсөм жазаланышым керекпи? Юристтер бул долбоордун автору ким деп жатышат. Бардык баалуулуктарды аралаштырып салышкан. Бул туура эмес. Ошондуктан биринчи беренеден эле мүчүлүштүктөр көп.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG