Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Вашингтондо АКШ+Борбор Азия жыйыны өтөт


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен бүгүнкү жолугушуусунда аймактык коопсуздук, экономика, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүшү талкууланат. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башкы дипломаттары катышат. Кыргызстандан жыйынга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышат.

Сапардын жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкендин кабыл алуусунда болуп, Американын Соода палатасы уюштурган бизнес-форумга катышмакчы.

C5+1 форматындагы саммит былтыр ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG