Линктер

Зардалыга жол каттамын калыбына келтирүү иштери башталды


Зардалынын жолу.

Зардалынын жолу.

Бир аптадан бери Кыргызстандын башка аймактары менен байланышы үзүлгөн Зардалы айылына жол каттамын калыбына келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аракети менен жолдогу сел алып кеткен 3 көпүрө оңдолот. Курулушка кетүүчү каражат жана материалдар эсептелүүдө.

28-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айылды өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырып турган үч негизги көпүрөнү суу жууп кеткен. Андан бери айыл менен байланыш такыр токтогон. Жергиликтүүлөр сайларга өз күчү менен жыгачтан убактылуу көпүрөлөрдү кура башташкан.

Зардалы айылы Баткендин тоолуу аймагында жайгашкан. Кыргызстандагы эң жолу татаал, жашоо-шарты оор айыл катары белгилүү. (JsA)

XS
SM
MD
LG