Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Абдылдаев Бисвал менен инвестиция маселесин талкуулады


 Жон Керри менен Эрлан Абдылдаевдин Бишкектеги жолугушуусу. 31-октябрь, 2015-жыл.
Жон Керри менен Эрлан Абдылдаевдин Бишкектеги жолугушуусу. 31-октябрь, 2015-жыл.

Вашингтонда өтө турган C5+1 жыйыны тушунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолукту.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн негизин эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана түз инвестиция тартуу маселеси түздү. Андан тышкары, Бисвал сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына АКШдан спортчулар келерин маалымдады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу бүгүн, 3-августта башталат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын башкы дипломаттары катышат. Анда аймактык коопсуздук, экономика, курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүшү жаатында сөз болот. Чөлкөмдөгү адам укуктары маселеси да көтөрүлөрү айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG