Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Журналист Дайыр Орунбеков өзүнө карата кылмыш иши козголгонун “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, Бишкектин Аламүдун райондук сот аткаруучулары Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө билдирүү берип, Орунбековдун үстүнөн кылмыш ишин козгоону суранган. Журналист бул тууралуу сот аткаруучулардан укканын, кылмыш иши 338-берене – “Сот чечимин аткаруудан баш тартуу” боюнча козголуп жатканын айтты

-Сот мага милдеттендирген 2 миллион сом моралдык чыгымды төлөп, президент Атамбаев жөнүндө жазган макаламды төгүндөп, андан кечирим суроо боюнча чечим чыгарган. Булар ошол экинчи пункт боюнча “Кечирим сурабай, жазган макаласын төгүндөбөдү” деген кине менен кылмыш ишин козгоп жатышат.

Дайыр Орунбековго козголгон кылмыш ишинин беренеси боюнча жооптуу 2 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Дайыр Орунбеков maalymat.kg сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялап, анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселесин көтөргөн эле. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке миллион сомдук доо коюлган. Ал акча дагы 1 миллион сомго көбөйтүлгөн. Журналист аталган доону өткөн айдан тарта төлөй баштаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG