Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Сазда сүрөткө түшкөн Игорь Назаров Кыргызстанга чакырылды


Кыргызстанга келүүнү каалаган Игорь кызыктуу образ жаратуу максатында сазда сүрөткө түшкөн.

Кыргызстанга келүүнү каалаган Игорь кызыктуу образ жаратуу максатында сазда сүрөткө түшкөн.

Кыргызстанга келүү үчүн сазда сүрөткө түшүп сынакка катышкан орусиялык мектеп окуучусу – Игорь Назаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына конок катары чакырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Өткөн айда Игорь Назаров баш байгесине Кыргызстанга келүү жолдомосу коюлган сынакка катышып, саздын ичинде сүрөткө түшкөн. Бирок жеңишке жетпей, экинчи орунду алып калган.

Туризм департаменти анын Кыргызстанга келүү далалатын баалап, Игорь Назаров менен байланышып, Көчмөндөр оюндарына чакырышкан. Игорь ата-энеси менен кеңешип, жообун айтаарын билдирген. Анын келип-кетиши үчүн “Эйр Кыргызстан” компаниясы акысыз билет берет. Кыргызстандагы чыгымдарын өкмөт көтөрөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG