Линктер

Ысык-Көлдө туристтер менен жергиликтүүлөр ортосундагы жаңжал иликтенүүдө


Машине тоскон бала.

Машине тоскон бала.

Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү 15 жаштагы өспүрүм менен орусиялык туристтин ортосундагы жаңжалдын чоо-жайын милиция иликтеп жатат. Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, эки тарап тең бири бирин күнөөлөп арыз жазышкан.

Жаңжал 30-июль күнү Чолпон-Атадагы базардын жанында унаа токтотуучу жайда болгон. Ал жерде турган өспүрүм орусиялык туристтен машинесин токтоткону үчүн 50 сом акы сураган. Дубалда “токтотуу акысы 20 сом” деп турганына байланыштуу турист ага ашыкча акча берүүдөн баш тарткан. Өспүрүм ага макул болбой, машиненин жолун тороп туруп алган. Ортодо пикир келишпөөчүлүк чыгып, бала унаанын айнегин таш менен сындырып салган. Бирок өспүрүм акча үчүн эмес, турист анын бутун машинеси менен тепсеп кеткени үчүн таш атканын айткан.

-Чолпон-Ата шаардык мэриясына да суроо-талап жиберилди. Алар базардын жанындагы унаа токтотуучу жай мыйзамдуу же мыйзамсыз иштеп жатканы тууралуу аныктама беришет. Алгачкы тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын негизинде кылмыш ишин козгоо маселеси каралат, - деди Усубакунов. (SE\TSh)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG