Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Карганбек Самаковдун сотунда юстиция министри суралды


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Экс-депутат Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева сотко чакырылды. 3-августтагы сот жараянында министр айым 2008-жылы республикалык жер комиссиясында иштегенин, Самаковдун үстүнөн кылмыш ишин ачууга негиз болгон документтерди карап чыкканын билдирди. Ал документте жерди трансформациялоо боюнча үч кемчилик болгонун, биринчиден, башкы пландын жоктугу, экинчиден, жоготуулар боюнча эсептер чыгарылбаганын, үчүнчүдөн, өзгөчө жагдайлар эске алынбаганын белгиледи. Бирок ал кезде трансформацияланган жерлер шаарды кеңейтүү планына киргени тууралуу маалыматы болбогонун айтты.

Ошондой эле сотто өкмөттүн мурдагы аппарат башчысы Мурат Исмаилов жана 2008-жылы KICB банкында иштеген Бакыт Курманбеков да суралды. Жалпысынан бүгүнкү отурумда төрт адам көрсөтмө берди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген. Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG