Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Милиция Ошто ок атылганы тууралуу кабарды иликтеп жатат


Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында 3-августка караган түнү ок атылганы тууралуу кабарды милиция иликтеп жатат. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, окуя Ошто болгонбу же башка жерби, азырынча белгисиз. Бүгүн интернетке чыккан видеодо караңгы жерде салют атылып, артынан мылтыктын үнү жаңырган. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы аталган ресторандын жетекчилиги жана ошол жерге жакын жерде жашагандар менен сүйлөшүп, ушундай факт катталдыбы же жокпу, аныктап жатат. Шаршембиге караган кечте аталган ресторанда той өткөргөндөр да суралат.

-Эгер ок атылганы аныкталса, ага жараша чара көрүлөт. Курал мыйзамсыз болсо, анда кылмыш иши козголот,- деди Замир Сыдыков.

Оштогу эң ири “Олигарх” рестораны шаардын Анар районунда жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG