Кыргызстандык 7 жаштагы Эдел Касенова Кытайда көркөм гимнастика боюнча өткөн турнирде биринчи орунду алып, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу маалымат булактарына анын жакындары кабарлашты.
Zhong ling Beijing cup-2016 турнири 31-июлдан 3-августка чейин Бээжин шаарында өттү.
Мелдешке Кыргызстандан тышкары, Кытай, Жапония, Гонконг, Канада, Австралия, Орусия, Сингапур, Малайзия жана Израилден спортчулар катышкан.