Линктер

Тоң районунда баласынын көзүнчө зордукталган аялдын иши иликтенүүдө


Ысык-Көл облусунда беш жашар баласынын көз алдында зордукталды деп айтылган аялдын ишин милиция иликтей баштады. Маалыматка караганда, Чүй облусунан Ысык-Көлгө эс алганы барган келин 28-июлда такси менен калаага кайтып келатканда зомбулукка кабылган. Жазган арызына ылайык, келин Балыкчы шаарынан таксиге түшкөн. Айдоочу жарым жолдо машинесин тоо жака буруп, көздөн далдоо жерде ага зордук көрсөткөн. Андан соң аялды баласы менен ошол жерге таштап, машинесин айдап кетип калган. Келин чоң жолго чейин жөө келип, ошол жердеги кишилерден көмөк сураган жана медициналык жардам алган.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, кылмышка шектүү жаран кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат. (SE)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG