Линктер

Эл аралык Дубай аба майданына конууда учактын артынан кара түтүн чыгып, конгондон кийин күйүп кеткен. Ага чейин бардык жүргүнчүлөр учактан чыгарылган. Emirates компаниясы 3-августагы авариялык конууда каза болгондор жок экенин, жүргүнчү жана учкучтардын баары аман-эсендигин кабарлады. 300дөй адамы бар Боинг 777 учагы Индиянын Тируванантапурам шаарынан учуп чыккан. Жыл сайын 66 млн. жүргүнчү тейлеген аба майданынан учуп-конуу кырсык учурунда токтотулганын Дубай бийлиги кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG