Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Боомдо жолго дагы таш түштү


Боом капчыгайы
Боом капчыгайы

Бишкек-Нарын-Торугарт каттамынын 113-чакырымына бүгүн да таш түштү. Азыр Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтеринин адистери жолду тазалап жатышканын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Маалыматка караганда, кулаган таштын көлөмү анчалык көп эмес.

Кечээ түнү да Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 119-чакырымына көлөмү 300 метр кубду түзгөн таш түшүп, тазаланган. Каттамдын Боом капчыгайындагы бул бөлүгүнө акыркы кезде таш көп түшүп жатат. 30-июлда 142-143-чакырымдарда “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автонунаага таш кулап, бир адам набыт болгон эле. Андан кийин да таш кулап, эч ким жабыркаган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG