Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Вашингтондо АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жолугушууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (ортодо) жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери былтыр 1-ноябрда Самаркандда да жолугушкан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри (ортодо) жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери былтыр 1-ноябрда Самаркандда да жолугушкан.

Жыйынды АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ачып, терроризмге каршы күрөштө жана экономикалык өсүштү камсыздоо багытында кызматташууга чакырды. 3-августта башталган жолугушууда Кошмо Штаттар Орусия жана Кытай үстөмдүк кылган региондо кызматташууну жандантууну көздөөдө. Региондогу беш мамлекеттин - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Москва менен тарыхый байланыштары бар. Бирок алардын баары 2014-жылы Орусиянын Крымды каратып алышын чочулоо менен кабыл алышкан. Жон Керринин айтымында, сүйлөшүүлөрдө экстремизмге каршы күрөш жана экономикалык өсүш эле эмес, экологиялык маселелер да талкууланат:

- Биздин талкуу көрсөткөндөй, байланыштарыбыз абдан эле кеңири. Ал өкмөттөр арасындагы кадимки кызматташуу, америкалык ишканалардын ар бир өлкөнүн тармактары менен иштешүүсүнөн сырткары экологиялык таза энергия өндүрүү, маалыматтык технология, финансылык кызмат көрсөтүү жана башка тармактарды камтыйт. Биздин кызматташуулардын бул бөлүктөрү АКШнын энергетика министри Эрнест Мониз жана башка жетекчилер менен жолугушууда талкууланат. Инвестициянын жаңы мүмкүнчүлүктөрү изделет.

АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG