Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Дастан Сарыгулов абактан кат жазды


Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Бүгүн бир эле “Азия ньюс” гезити жарык көрүп, жаңы санын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун “Мамлекетке иштей турган Конституцияга маал-маалы менен өзгөртүүлөр киргизилип турат” деген маеги менен ачты. Адам укуктары, улуттук асыл дөөлөттөр, баалуулуктар, сот бийлигин тартипке келтирүү боюнча бир топ өзгөртүүлөр кирерин, бүгүнкү күндө парламент үстөмдүк кылгандыгына байланыштуу өкмөт чабал болуп жатканын, ошон үчүн Башмыйзамга өкмөттү күчтөш үчүн өзгөртүү киргизилип жатканын, мисалы, өкмөт башчысы Коргоо министри менен Коопсуздук министринен бөлөк өкмөт мүчөлөрүн президентке сунуштаса, бирок президент ал боюнча беш күндүн ичинде чечим кабыл албаса өз буйругу менен министрлерди жумуштан бошото аларын, эгер премьер-министр же анын орун басарлары кызматка депутаттык мандат менен бара турган болсо мандаттары сакталып каларын, анын оюнча бул туура экендигин, ошондой эле акимдерди мындан ары түз шайлоо сунушталып жатканын айтты.

Кабарчынын:- Башмыйзамдын өзгөрүшүнө Өмүрбек Текебаев каршы экен, Акаев менен Бакиевди туурап жатат деп оппозиция да каршы экен деген сөздөр жүрүүдө, буга кандай дейсиз?-деген суроосуна Иса Өмүркулов, эгер президенттик бийликтин мөөнөтү узартылып же кандайдыр бир ага көбүрөөк укуктар бериле турган болсо, оппозиция ошондо кооптонсо жарашмагын, ошондуктан каршы оюн айткандар, кайсы беренелер боюнча каршы экендигин ачык айтуусу керектигин, ансыз деле Башмыйзам элдик талкууга коюлуп жатканын, азыр каалаган киши каалаганын айтууга толук укугу барын белгиледи.

Темиркул Батперековдун “Референдум, оппозиция паникада” аттуу чакан макаласында оппозициядагы Адахан Мадумаров да, Равшан Жээнбеков да бийлик Конституциянын кайсыл жерине мина коюп, бийликти кандай жол менен узурпациялаганы жатканын чечмелеп, түшүндүрүп бере алышпаганын, алар анын ордуна бийликти баягыдай эле үстүрт сындамай менен чектелишкенин, Жылдыз Жолдошева болсо адатынча өмүрлүк атаандашы, сөөк өчтү “душманы” Өмүрбек Текебаевдин огородуна таш ыргытуу менен чектелгенин белгилеп: “Бийликти күнөөлөйүн десең президенттин ыйгарым укуктары эч өзгөрбөйт экен, ал эми өкмөт башчынын укуктары бир топ кеңейет көрүнөт, муну узурпация дегенге болобу? Ушул эле оппозиция дегендер жакында эле “премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүп, көбүрөөк мүмкүнчүлүк бериш керек” деп маселе коюп келишпеди беле?” деп жазды.

“Азия ньюс” бүгүнкү санына 31 адамдын колу коюлган “Жайсаңчыларга жол жок!” деген ат менен Жогорку Сотко жана Нарын облсотуна багышталган катты жарыялады. Айтылуу саясатчы Өмүрбек Текебаевдин “Мен кыргызмын, Кыргызстан менин үйүм!” деген маеги басылды. Илим доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Конституцияны эми “апалары” оңдойт окшойт” деп маек берип, кайнаса каны кошулбаган партиялар бириге калып Конституцияны оңдоп салабыз деп Атамбаевди “эски жолго” түртүп жатат деген оюн билдирди.

Гезитке президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага, Коопсуздук комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевге “Биз Дастан Сарыгуловду үй камагына чыгарууну суранабыз” деген ат менен Анарбек Усупбаев башында турган 50дөн ашуун адам кол койгон кайрылуу жарыяланды. Кайрылуунун жанына Улуттук коопсуздук комитетинин абагынан президент А. Атамбаевге ден соолугу начарлап баратканын, кандай белгидеги оорулары бар экенин санап жазган биринчи катын жана Л. Хоменюктун ал жөнүндө берген көрсөтмөлөрүнүн баары калп экендигин, өзү ак экендигин баяндаган экинчи катын жарыялаган Дастан Сарыгулов эки катында тең президенттен аны абактан бошотуп коюуну суранды.

Бул сандан Оштун губернатору Таалайбек Сарыбашевдин “Мен кол чатыр карматып, эшик ачтырган жоруктарды жаман көрөм” деген маеги бар. Сиздер ошондой эле Соң-Көл жайлоосунда өткөн Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракеси тууралуу сүрөттөрдү тартып жана ал тууралуу жазып келген журналист Сурат Жылкычиевдин макалаларын окуйсуздар.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санына эркин журналист Семетей Талас уулунун “Билимге сугарылган балалык” деген ат менен мындан 23 жыл мурда Нарын шаарында жаңыдан ачылган Кыргыз-түрк лицейин окуп бүтүргөн кыргыз жигиттери кыргыз деген атты бийик сактап, дүйнөнүн эң эле мыкты деген жерлеринде иштеп жүргөнүн, кыскасы Түркиянын жакшылары болгон Эрдоган менен Гүлен тууралуу ойлорун ортого салган макаласын тартуулады.

XS
SM
MD
LG