Линктер

АКШда полиция террорчуларга жардам берген деп шектелүүдө


Вашингтондун транспорт полициясынын кызматкери өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко көмөктөшүүнү көздөгөн деген шек менен кармалды. АКШнын юстиция министрлиги билдиргендей, 36 жаштагы Николас Янг уюлдук телефондордун балансын толтуруу үчүн карталардын кодун алган.

Муну экстремисттер жаңы мүчөлөрдү катарына тартуу максатында колдонору аныкталган. Янг бул кодду экстремисттердин арасындагы Федералдык чалгын башкармалыгынын чалгынчысына жиберип, кылтакка илингени болжолдонууда. Бийлик ал мындан тышкары Муаммар Каддафинин режими кулаган кезде Ливияда козголоңчулардын катарында жүргөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG