Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Армян полициясы курал-жарак сатууну көзөмөлдөйт


Арменияда полиция куралдын сатылышын өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу полициянын басма сөз кызматынын жетекчиси Ашот Агаронянга шилтеме берүү менен РИА Новости кабарлады. Маалыматка караганда, өлкөдө куралдын айрым түрлөрүн сатууга тыюу салынды.

"Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык кыймылга тиешеси бар куралдуу топ 17-июлда полиция имаратына чабуул жасап, бир нече полиция кызматкерин туткундап, камактагы оппозиция лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан. Эки жумага созулган тирешүү демонстрациялар менен коштолуп, натыйжада куралдуу топ өз эрки менен полицияга багынып берген. Бул окуядан кийин Арменияда курал сатууга тыюу салынды деген кабар тараган.

XS
SM
MD
LG