Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АКШ Борбор Азияда бир катар долбоорлорду ишке ашырат


Жон Керри.
Жон Керри.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Жон Керри Борбор Азиядагы беш мамлекеттин тышкы иштер министрлери менен 3-августта Вашингтондогу жолугушуусунда билдирди. “С5+1” деп аталган топко Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ кирет. Өз сөзүндө Керри АКШ террорчулукка каршы күрөшүү, соода жана транспорт тармактарында кызматташтыкты бекемдөөгө көмөк көрсөтөрүн айтып, чөлкөмдөгү энергетикалык долбоорлорду колдой турганын белгиледи. Тышкы иштер министрлердин көңүлүн аймактагы адам укуктары боюнча маселелерге да бурду.

АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышты.

Сапардын жүрүшүндө тышкы иштер министрлери АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкендин кабыл алуусунда болуп, Американын Соода палатасы уюштурган бизнес-форумга катышат.

C5+1 форматындагы саммит алгач ирет былтыр ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG