Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Кыргызстан террорчулукту каржылоо тобокелчилиги жогору өлкөлөрдүн катарына кирди


Кыргызстан Европа жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен террорчулукту каржылоо тобокелчилиги жогору 14 мамлекеттин катарына кирип, 5-орунду ээледи. Ал эми дүйнөлүк тизмеде 60-орунга чыкты. Бул тууралуу Базель башкаруу институтунун “Basel AML Index 2016” деп аталган соңку изилдөөсүндө айтылат. Анда 149 мамлекеттеги террорчулукту каржылоо коркунучу жана деңгээли иликтенген. Кооптонуу күч деген алдыңкы үч катарга Иран, Ооганстан, Тажикстан кирсе, Финляндия, Литва жана Эстония коопсуз мамлекеттердин катарына илинди.

Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, ушул тапта Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен ашууну каза таап, 20сы кайтып келип, укук коргоо органдарында сурак берүүдө. Сирия жана Ирактагы террордук топторго кошулган кыргызстандыктардын жүздөн ашууну аялдар. (NT)

XS
SM
MD
LG