Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Таш-Көмүрдө кыйноого шектелген милиционерлердин иши сотко өттү


Башкы прокуратура Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө багытында иштеген үч кызматкеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишти сотко өткөрүп берди. Алар психикалык оорулуу адамды кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылышкан, деп айыпталууда.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, 2015-жылдын 11-декабрында үч милиционер Кызыл-Жар айылындагы психикалык ооруканада жаткан адамды тергөө бөлүмүнө алып келишип, уурулук фактысын мойнуна алдыруу максатында кыйнашкан. Медициналык экспертизада тартип коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери далилденген.

Ишти азыр Таш-Көмүр шаардык соту карай баштады.

Өткөн айда Бишкек шаарында да кыйноо колдонууга айыпталып, үч тартип сакчысынын үстүнөн кылмыш иши козголгон.

2014-жылы Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун эки аймактык инспектору кыйноо колдонууга айыпталып,11 жылга камалышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG