Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Соттор чыгарган чечимдерин коомчулукка жарыялоого милдеттендирилет


Президент Алмазбек Атамбаев сот чечимдерин коомчулукка жарыялоого милдеттендирген мыйзамдарга кол койду. Анын максаты - сот системасында ачык-айкындуулукту камсыздоо жана ачык сот жыйындарында каралган иштердин жыйынтыгын жарыялап, керектүү учурда тийиштүү чечимдер жана материалдардын архивдери менен жарандардын таанышуусуна шарт түзүү болуп саналат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы кол койгон мыйзамдар «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» жана «Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Жогорку Кеңеш аны быйыл 23-июнда кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG