Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Улгайган зайыптар үчүн баш калка ачылууда


“Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка учураган жашы өтүшкөн аялдар үчүн баш калка жай ачууда. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди. 2014-2015-жылдары Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин колдоосу менен мамлекеттик тапшырманын негизинде оор турмуштук кырдаалдагы, зордук-зомбулукка кабылган жашы өтүп бараткан аялдарга жардам көрсөтүү максатында аталган долбоор иштелип чыккан.

Ага ылайык “Сезим” борборуна жашы элүүдөн өткөн зайыптар бир ай бул жерден баш калка таап, тийиштүү психологиялык, укуктук жана социалдык көмөктү акысыз ала алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG