Линктер

Эрдоган: Гүленге тиешеси бар компаниялар кирешесинен ажырайт


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган бозгундагы диниятчы, өткөн айда өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет жасаган деп айыпталган Фетхуллах Гюленге тиешеси бар компанияларды кирешесинен ажыратарын убада кылды. Ал Гүлен менен байланышта деген мектеп, компанияларды жана коммерциялык эмес уюмдарды "терроризмдин уясы" деп атады.

Эрдоган Түркияда "күмөн, шек саноолор доору бүтүп, күрөш доору башталганын" айтты жана гүленчилер аларды келечекте эмне күтүп турганын жакшы билет деп билдирди.

Ошондой эле түрк президенти өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реструктуризациялоо планы бар экенин жарыялады.

16-июлга караган түнү Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Ага катышкан деген шек менен 10 миңден ашуун адам кармалды, 70 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкери, полициячы жумуштан алынды.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, Адам укугу боюнча Европа конвенциясынын аракети токтотулду. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG