Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Египетте учакты жардырууга шектелген террорчу жок кылынды


Египет жана Орусия адистери учак кыйраган жерде, 1-ноябрь, 2015.
Египет жана Орусия адистери учак кыйраган жерде, 1-ноябрь, 2015.

Орусиялык А321 учагынын кулап түшүүсүнө катышы бар деген “Ислам мамлекети” тобунун Синай жарым аралындагы согушкерлердин лидери Египеттин куралдуу күчтөрүнүн аба чабуулунда жок кылынды. Бул тууралуу Египеттин Коргоо министрлиги кабарлады.

Быйыл 31-октябрда Шарм-Эль-Шейх курортунан Санкт-Петербургга бараткан лайнер Синай жарым аралында кырсыкка кабылып, ичиндеги 224 кишинин баары набыт болгон.

Бул үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ алган.

XS
SM
MD
LG