Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Түркия соту Фетхуллах Гүленди камоого ордер берди


Фетхуллах Гүлен.
Фетхуллах Гүлен.

Түркиянын Стамбул соту диний аалым, АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүленди камоого ордер берди. Сот "15-июлда төңкөрүш кылууга Гүлен буйрук берген" деген чечим чыгарды. Анкара Гүленди кайтарып берүүнү Вашингтондон талап кылууда. Бейшембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган оппозиционер менен байланышы бар бардык жеке компанияларды кирешесинен ажырата турганын жарыялады:

- Гүлен менен байланышы бар мектеп, компаниялар жана коммерциялык эмес уюмдар - "терроризмдин уясы". Түркияда күмөн, шек саноолор доору бүтүп, күрөш доору башталды. Гүленчилер өздөрүн келечекте эмне күтүп турганын жакшы билет.

Ошондой эле түрк президенти өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн кайра түзүү планы бар экенин жарыялады. 16-июлга караган түнү Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашпай калган. Ага катышкан деген шек менен 10 миңден ашуун адам кармалды, 70 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкери, мугалимдер, полиция, судьялар жумуштан алынды. Өлкөдө азыр үч айлык өзгөчө кырдаал режими өкүм сүрүүдө.

Фетхуллах Гүлен бийликти күч менен алмаштыруу аракетине катышы жоктугун, өзү жетектеген "Хизмет" кыймылы кайрымдуулук иштери менен алектенерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG