Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Реабилитациялык борбор балдарды узакка кармоону өтүнүүдө


Жалал-Абад шаарындагы Ак-Жол реабилитациялык борборунун жамааты балдарды кармоо мөөнөтүн бир жылга узартууну суранышууда. Бул тууралуу аталган борбордун директору Эркингүл Саркарова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Эреже боюнча кароосуз калган, ата-энеси таштап кеткен балдар жакындарына кайтарылгыча же балдар үйүнө жайгаштырылганча алты айга чейин ушул борбордо тарбияланат. Соттун чечими чыкканга чейин жылдап жашап жаткандар да бар. Буга байланыштуу борбордун өкүлдөрү балдардын реабилитациялык борбордо жашоо убактысын бир жылга узартуу өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылышты. Азыр бул жерде ар кандай шартта кароосуз калган 20 бала тарбияланып жатат. Алардын алтоо эки жашка чыга электер. (RsK)

XS
SM
MD
LG