Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кайгылуу Улуу Үркүн окуяларынын 100 жылдыгына карата «Өмүр көчү» деп аталган эки күндүк автокербендин сапары бүгүн Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылынан башталды. Бул кыштактан көтөрүлүштү жазалоо маалында набыт болгон маркумдар эскерилип, аларга багышталып куран окулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева катышып, Президент Алмазбек Атамбаевдин кербендин катышуучуларына жолдонгон кайрылуусун окуп берди. Анда мамлекет башчы автожүрүшкө аттангандарга ийгилик каалаган.

Автокербен Чүй облусунун Ак-Суу (Беловодск) айылындагы мечитте да токтоду. Бул кыштакта 500дөй кыргыз падышалык жазалоочулардын колунан мерт тапкан.

Автожүрүш андан соң Боом капчыгайынын оозундагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн катышуучуларына арналган эстеликтин жанында эскерүү жыйынын өткөрөт. Андан соң, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кырк Шейит жеринде, Барскоон суусунун капчыгайында улуу көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө арналган эстеликтердин жанында эскерүү чараларын өткөрөт. Автокербен 6-августта Каракол шаарында жана Түп районундагы Кара-Баткак деген жерде эскерүү жыйындарына катышат. Бир нече коомдук уюмдардан, коомдук ишмерлерден, тарыхчы, манасчы ж.б. айдыңдардан турган автокербендин катышуучулары жүз жыл мурун кандуу окуя болгон издерди басып өтүшүп, шейиттерге куран окутушат. Иш-чараны уюштурууга президент, өкмөт колдоо көрсөткөн.

Кыргызстанда кабыл алынган парламенттик чечимге ылайык, ар жыл айын август айынын алгачкы жума күнү 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн маалында курман болгондорго багыштап эскерүү чаралары өткөрүлүүгө тийиш. Быйыл бул алгачкы жума күн 5-августка жана Улуу көтөрүлүш менен Үркүндүн 100 жылдык мааракесине туура келди. Кыргызстан Борбордук Азия элдеринин 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдык мааракесин расмий түрдө өткөрүп жаткан пост-советтик жалгыз жумурият.

(NT/ZA/TT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG