Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

Алты күндөн бери “Манас” аэропортунда отурган Попов Кыргызстанга кирет


Алты күндөн бери Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортунда отурган орусиялык Алексей Поповго тийиштүү документтер даярдалып, Кыргызстандын аймагына кирмей болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлап, тийиштүү документтерди Мамлекеттик каттоо кызматы даярдап бергенин айтты.

Алексей Попов 31-июлда Краснодардан Бишкекке учуп келген. Бирок паспорту жок болгондуктан аны кыргыз чек арачылары өлкөгө киргизишкен эмес. Ал күч кызматкерлерине Орусияда жашаганын тастыктаган документти гана көрсөткөн.

4-августта “Манас” аэропортунун маалымат кызматы, Попов өлкөгө киргизилбей, 6-августта Орусияга кайра учуп кетерин маалымдаган. Анын чыгымдары “Эйр Кыргызстан” компаниясы көтөрмөй болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG