Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Фетхуллах Гүлен түрк сот системасын сындады


Фетхуллах Гүлен.
Фетхуллах Гүлен.

АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы Фетхуллах Гюлен түрк сот системасын сынга алды. Түркия 16-июлдагы төңкөрүш аракетине Гүленди айыптап, 4-августта Стамбул соту аны камоого ордер берген.

Гүлендин оюнча, Түркияда көз карандысыз соттор жок. Ошондой эле ал бир нече ирет төңкөрүш аракетин айыптаганын жана аны уюштурууга тиешеси жоктугун кошумчалады.

Бийликти кулатуу аракети ишке ашпаган соң Түркияда 10 миңден ашуун адам кармалып, 70 миңден ашуун кызматкерлер ишинен айдалган. Алардын баары Гүлен менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Бейшембиде Эрдоган “терроризм уясы” деп, Гүленге байланышы бар бардык жеке компанияларды кирешесинен ажыратарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG