Линктер

Пакистан барымтадагы офицерлерин түрдүү жолдор менен кайтарууну көздөйт


Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Ооганстанда талибдер туткундаган адамдарын кайтарып алуу үчүн “формалдуу жана бейформал каналдарды” колдонорун билдирди.

Жети кишиси бар пакистандык тик учак 4-августта Логар провинциясына конууга аргасыз болгон.

Ооган талибдеринин бейтааныш командири борттогу алты пакистандык отставкадагы офицерлер менен орус суучулу алардын колунда экенин билдирген.

Пакистан армиясынын колбашчысы, генерал Рахил Шариф ооган президенти аларды бошотууда жардам берерин айтканын билдирди.

Расмий Исламабаддын маалыматына караганда, Ми-17 тик учагы техникалык тейлөөдөн өтүү үчүн Өзбекстан аркылуу Орусияга бараткан.

XS
SM
MD
LG