Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

АКШ: Кыргызстан "шахмат тактасы" эмес


АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жошуа Бейкер
АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жошуа Бейкер

АКШ Кыргызстанды жана Борбор Азия аймагын өз кызыкчылыгы үчүн колдонбойт. Мындай пикирин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жошуа Бейкер билдирди.

Бишкекке атайын сапар менен келген АКШ Мамлекеттик департаментинин орус тилдүү маалымат катчысы Жошуа Бейкер 3-августта Вашингтондо өткөн С5+1 же Борбор Азиянын беш өлкөсү менен АКШ ортосундагы кызматташуу боюнча жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Бэйкердин айтымында, кызматташуунун жаңы платформасы Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстан менен бир нече тармакта кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы аянтчасына айланды.

Мамдепартамент өкүлү алгачкылардан болуп аймактагы коопсуздук маселелери жана экономикалык жааттагы алаканы атап, бул багытта АКШ көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди:

- Жолугушуунун негизги темаларынын бири коомдогу радикалдашуу жана коопсуздук маселелери болду. Анткени учурда согушкер-террорчулар чек ара дегенди билбей, ар бир өлкөдөн чыгышы мүмкүн. Мындай коркунуч сакталып турат. Муну Казакстандагы акыркы окуялардан көрдүк. Бул жаатта АКШ көмөктөшүүгө даяр. Бирок ал кандай көмөк болору Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн жетекчилеринен көз каранды.

Ошол эле учурда Жошуа Бейкер АКШ Борбор Азияда таасирин арттыруу үчүн Орусия менен атаандашуу жок экенин жана бул аймакты өз кызыкчылыктарынын аянтчасы катары көрбөй турганын кошумчалады. Анын айтымында, АКШ Кыргызстанды же болбосо Борбор Азия аймагын “чоң шахмат тактасы” катары көрбөйт жана өз кызыкчылыгы үчүн колдонбойт:

- АКШ Кыргызстанды, же болбосо Борбор Азия аймагын “чоң шахмат тактасы” катары көрбөйт. Балким Орусия ушундай көрөттүр. Биз Кыргызстанды жана кыргыз элин терең урматтайбыз. Кандай гана программа ишке ашырылбасын, АКШга да, Кыргызстанга да жакшы болсун деген эрежени карманабыз.

Жошуа Бейкер Орусия өз таасирин Борбор Азия чөлкөмүндө бийликчил маалымат каражаттары аркылуу бекемдөөгө аракет кылып жатканын, бирок Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктарга кедергесин тийгизбеши керектигин белгиледи.

Маалымат жыйынында былтыр кыргыз өкмөтү эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу келишимди жокко чыгарган соң солгундап кеткен мамиле тууралуу сөз болду. Буга чейин кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев күчүн жоготкон келишимдин ордуна жаңысы иштелип жатканын билдирген эле.

Жаңы келишим качан кабыл алынышы мүмкүн деген суроого жооп берип жатып, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Шелли Сивер бул багытта иштер жүрүп жатканын астейдил айтып өттү:

- Былтыр октябрь айында кыргыз президенти Атамбаев жана тышкы иштер министри Абдылаев АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керрини кабыл алышкан. Анда бир катар маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өткөн. Биз өлкөлөрүбүз ортосунда кызматташтыкты улантып, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачкыбыз келет.

5-август
5-август

АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен С5+1 форматындагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүн бул чөлкөмдөгү таасирин күчөтүү катары баалап жатышат. Анткени акыркы учурда Орусия аймакта өз таасирин бир кыйла бекемдегени айтылып келет.

Саясий эксперт Марс Сариев Кошмо Штаттар жаңы платформа алкагында өз таасирин калыбына келтирди деген пикирди колдойт:

- Gullap аттуу социологиялык борбор жүргүзгөн атайын изилдөө боюнча Борбор Азияда АКШнын таасири төмөндөп кетти деген жыйынтык чыгыптыр. Орусиянын маалыматтык пропагандасы өз таасирин тийгизүүдө. Муну АКШны башкарган күчтөр Орто Азияда өз позициясын чыңдоо зарылдыгын түшүндү. Буга байланыштуу кызматташуунун башка форматын ойлоп таап, Борбор Азия жана АКШ деген кызматташты жөнгө салууга аракеттенишүүдө.

Муну менен катар айрымдар АКШ сунуштаган кызматташуунун жаңы платформасынын Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн колдонуу зарылдыгын билдиришүүдө.

Саясат таануучу Эмил Жураев кызматташууну оңдоо үчүн эң ириде Кыргызстан кызыкдар болушу керек деген пикирде:

- Кыргызстан менен мамиленин солгундап кетишинен АКШ көп деле жабыркабайт. Биринчи болуп, алардан келген жардам, кеңеш, өнөктөштүк мамиле биз үчүн зарыл. Кайсы гана экономикасы чоң өлкө менен мамиле түзбөйлү, бул биринчи кезекте биз үчүн керек. Ошондуктан мамилени оңдоо биз үчүн маанилүү.

Ал ортодо С5+1 платформасынын алкагында АКШ бийликтери экономикалык жаатта кызматташууну жакшыртууну сунуштоодо. Ага ылайык америкалык ири компаниялардын инвестициясын Борбор Азия өлкөлөрүнө тартуу каралууда. Бирок америка ишкерлер өз акчасын салуу үчүн бул чөлкөмдөгү демократия, адам укуктарынын сакталышы маанилүү экенин билдиришет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG