Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Үркүн-100: “Өмүр көчү” кербени Караколго жетти


Үркүндүн 100 жылдыгына карата 5-августта Бишкектен башталган “Өмүр көчү” деп аталган автокербен Каракол шаарына жетти. Расмий митингден кийин облустук драма театрда Бактыбек Мамкуловдун "Улуу Үркүн" спектакли тартууланат. Андан ары жүрүштөгүлөр Үркүндө көп адам шейит кеткен дагы бир очок - Түп районундагы Кара-Баткакка барышат.

Жума күнү Тоң районунун аймагындагы “Ажар” комплексинде, Барскоон капчыгайындагы Үркүн курмандыктарына арналып курулуп жаткан эстеликке барышкан.

Бир нече коомдук уюмдар жүз жыл мурун кандуу окуя болгон жерлерди кыдырышып, шейиттерге куран окутушат.

Быйыл Кыргызстанда Орусия падышачылыгынын үстөмдүгүнө каршы Улуттук көтөрүлүш – Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. Үркүндү изилдөө жана анын 100 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн токтому чыгып, атайын комиссия түзүлгөн. (ZA)

XS
SM
MD
LG