Линктер

8-августка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу жогору.

7-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15...+20, күндүз +26...+31,

Талас жергесинде +11...+16, күндүз +26...+31,

Баткен облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +13...+18, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...29,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +3..+8 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +17…+18, күндүз +27…+29 градус болот.

XS
SM
MD
LG