Линктер

Украина чыгышындагы жикчилдер Луганск элдик республикасы деп атап алган аймактын лидери саналган Игорь Плотницкийдин автоунаасы жарылганы расмий тастыкталды. Бирок өзү оор жарадар болгону тууралуу маалымат такталууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жикчилдердин өкүлүнө таянып билдирди. Маалыматка ылайык, эки киши ооруканада.

Мурдараак Жогорку Раданын экс-депутаты Олег Царёв оор жараат алган Плотницкий бейтапканага түшкөнүн Твиттерге жазган.

Игорь Плотницкий 2014-жылдан бери Луганскта лидер болуп саналат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG