Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:42

Тажикстанда медреселер жабылды


Тажик бийлиги өлкө аймагында расмий катталган 19 медресенин баарын жапты. Акыркы медресе өткөн аптада ишин токтотконун “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады. Буга чейин медреселерде салттуу Ислам негиздерин үйрөткөн адистер жоктугу, мындан улам өспүрүмдөр арасында терс агымдарга азгырылгандар көбөйгөнү кабарланган.

Мындан ары диний билим Ислам институтунун алдында түзүлгөн гимназияларда гана берилет.

Эксперттер Тажикстанды Борбор Азия мамлекеттеринин арасында диний-радикалдашуу күчөп бараткан өлкөлөрдүн сап башында экенин белгилешет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG