Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Бишкекте Медиа-фестиваль өтөт


Бишкекте 29-августта жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жалпы медиа тармагынын өкүлдөрүнүн Медиа-фестивалы өтөт. Уюштуруучулардын бири - журналист Азамат Тынаев кабарлагандай, иш-чарада катышуучулар өздөрүнүн ийгиликтерин айтып беришет. Бош жумуш орундарынын жармаңкеси да уюштурулуп, медиа-уюмдар жана өнөктөштөр үчүн кийинки кызматташуулар үчүн аянтча түзүлөт.

Фестивалга телерадио, гезит, интернет басылмалардан тышкары, мекеме-ишканалардын басма сөз кызматтарынын, продакшн-студиялардын, жарнамалык-маркетинг компаниялардын жана сөз эркиндигин колдоп келаткан уюмдардын, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү чакырылат.

Фестивалды өткөрүү менен эгемен Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында медиа тармагынын күнгөй-тескейи да талкууланат.

XS
SM
MD
LG