Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Донбасста өткөн суткада эки украин жоокери каза болду


Украина чыгышында жикчилдер көзөмөлдөп турган аймакта өткөн суткада эки украин жоокери каза таап, төртөө жарадар болду. Расмий Киев орусиячыл жикчилдер оор техниканы чатакташып жаткан тараптарын чек ара сызыгына жакын алып келишкенин маалымдады. Бир күндө жикчилдер тараптан 50 жолу ок атылган.

- Артиллериялык түзүмдүн жана орусиялык аскерлердин жанданганы байкалууда, - деп билдирди президенттик аппараттын өкүлү Андрей Лысенко.

2014-жылдын жаз айларында башталган согуштан бери Донбасста тогуз жарым миңден ашуун адам көз жумду. Эки жыл мурун тараптар Минск келишиминде оор артиллерия колдонбоого макулдашканы менен ал толук аткарылбай келүүдө.

XS
SM
MD
LG