Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Чаткалда сел үйлөргө зыян келтирди


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 6-августтагы нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 15 чакты үйдү, сарайларды жана короолорду суу каптады. Табият кырсыгы Терек-Сай айылындагы Мурзабеков көчөсүндө болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ошондой эле Терек-Сай суусу ташкындап, Ала-Бука-Чаткал жолундагы эки көпүрөнү бузуп кеткен.

Синоптиктер ушул күндөрү тоолуу аймактарды сел коркунучу жогору экенин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG