Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:39

Рио Паралимпиадасынан бүтүндөй Орусия курамасы четтетилди


Эл аралык паралимпиада комитети (ЭПК) 7-августта орусиялык кураманы толугу менен Бразилиядагы Паралимпиададан четтетти. Комитет башчысы Филипп Крейвендин айтымында, буга дүйнөлүк Антидопинг агенттигинин (WADA) иликтөөсү негиз болгон.

Крейвен Сочидеги кышкы Паралимпиадада орусиялыктардын анализдери алмаштырылганына далилдер бар экенин белгилеп, ошондо оюндарга катышкандардын анализин кайра текшертерин айтты.

Крейвендин оюнча, орусиялык антидопинг системасы “талкаланып, коррупцияга баткан жана таптакыр абийири кетти”.

Орусия муну четке кагып, ЭПК чечимине каршы арыз бермей болууда.

Июль айында WADA Орусиянын антидопингдик лабораториялардагы көз боемочулуктар, ага Спорт министрлиги менен ФСБнын катышы бардыгы тууралуу баяндама жасаган.

Ошондон соң Эл аралык Олимпиада комитети жана спорт федерациялары Рио Олимпиадасынан жүздөн ашуун орусиялык спортчуну четтеткен.

Паралимпиада Рио-де-Жанейродо 7-18-сентябрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG