Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Бельгиядагы чабуулга ИМ жоопкерчилик алганы кабарланууда


Полиция коопсуздук чараларын күчөттү.

Полиция коопсуздук чараларын күчөттү.

"Ислам мамлекети" террордук тобу Бельгиянын Шарлеруа шаарындагы полицияга кол салууга жоопкерчилик алды. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги кабарлоодо.

6-августта мачете (узун бычак) менен куралданган эркек киши эки полициячы айымды жарадар кылган. Кол салган 33 жаштагы, теги алжирлик адам атайын операция учурунда жок кылынган. Бельгия бийлиги окуяны террордук чабуул деп мүнөздөөдө.

Жекшембиде дагы бир бельгиялык Льеж шаарында мачете алып жүргөн эркек киши кармалган. Андан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

24-июлда Германиянын Ройтлинген шаарында 21 жаштагы сириялык мачете менен көчөдөгү өткөн-кеткен адамдарга кол салган. Андан бир адам өлүп, экөө жаракат алышкан.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG