Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Македонияда табият кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды


Македония.

Македония.

Македония бийлиги катаал аба ырайынын курмандыктары дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди. 8-августка караган түнү болгон Македония баш калаасы Скопье менен анын чеке-белиндеги аймактарда кара нөшөр аралаш бороон-чапкын болуп, кеминде 20 киши каза тапты. Бийлик мындан улам өзгөчө кырдаал режимин киргизгенин эл аралык булактар жазып чыгышты. Жүздөгөн адамдар жаракат алышты, жыйырмадан ашууну дайынсыз экени кабарланууда. Өлкөдө шамалдын ылдамдыгы саатына 70 чакырымга жеткен. Айрым жерлерде суулардын деңгээли бир жарым метрге чейин көтөрүлгөн. Көптөгөн үйлөр, автоунаалар топон суу алдында калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG