Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Австралияда оңчул-экстремист деп шектелген адамга “террор” боюнча айып коюлду


31-жаштагы Филлип Майкл Гэлиага террордук чабуулдарга даярдык көргөн деген айып 7-августта коюлду. Ага байланыштуу сот 9-августка белгиленди. Гэлиа 6-августта Мельбурн шаарында террорчулукка каршы операция учурунда кармалды. Бирок полиция ал бутага алган объектерди атаган эмес. Ошондуктан Гэлиа камалашын “патриоттук кыймылга каршы чагым” деп атады. Маалыматка караганда, ал мусулмандарга каршы бир нече топтор менен байланышта болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG